2024-05-23

Жеткинчек конокторубуз


2024-жылдын 17-май күнү Бишкек Түрк Мектебинин 8-класстын бүтүрүүчүлөрү Кесиптик колледжибизге келишти.

Мектеп окуучуларына эң көп берилүүчү суроо – ким болууну каалайсыз? Бирок алар башталгыч класстарда жүргөндө баары жөнөкөй: медайым, мугалим, сатуучу, бизнесмен. Бирок, жылдар өтөт, кесип тандоо туйшугун тарта башташат. Бул учурда окуучуга кесиптик багыт берүү жардам берет. Мугалимдерди да мектеп окуучуларына кесиптик багыт берүү көйгөйлөрү тынчсыздандырат.

Ушундай өзүнүн окуучуларынын келечеги үчүн тынчсызданган жана аларга туура багыт көрсөтүүнү максат кылган Бишкек Түрк мектебинин мугалими Тахир Гөзел 8-класстын окуучулары менен Кесипттик колледжибизге келишти.

Кичинекей конокторубузду мүдүр доц.м.а Махмут Вурал жана окутуучу Мустафа Өжал тосуп алышып, аларга колледжди таныштуу менен эле чектелбестен, кесип тандоо боюнча өз кеӊештерин айтышып багыт беришти. Келечегибиздин баатырларына ийгилик каалайбыз.